Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 03.10.2018 15:24

Таластагы дыйкандар төө буурчак алуу үчүн келген инвесторлор менен жолугушту

Turmush -  Бүгүн, 3-октябрда Талас шаарында дыйкандар менен төө буурчакты иштетүүчү россиялык инвесторлордун жолугушуусу өттү.

Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиевдин айтымында, дыйкандар ортомчуларсыз инвесторлор менен түз иштешсе жакшы.

«Бизде дыйкандарда төө буурчактын баасы боюнча көп нааразычылыктар болууда. Дыйкандар балансты билбей жатат. Мисалы, былтыркы жылы түстүү төө буурчактар кымбат болсо, быйыл көпчүлүк дыйкандар ошол түстүү түрүн өстүрүп алышкан. Быйыл ал төө буурчакка суроо- талап аз болуп, баасы жакшы болбой жатат. Бир чети Таласта өзүбүздүн эле алып-саткан ортомчу соодагерлер дагы баанын арзан болушуна себепкер болууда. Кечээ күнү эле Кара-Буура районунда дыйкандардан төө буурчакты дүңүнөн алып, сактайм деп 39 сомго баалаган окуя болду. Ошондо төө буурчактын баасы 39 сомдон болуп калабы? Мындай сатып алгандарда жасалма баа болбош керек. Баасы жөнүндө сөз болсо эле «баасына губернатор отурат, аким отурат» дешет. Акыркы учурда «президент дагы отурат» деген сөздөр көп айтылууда. Баасына биздин тиешебиз жок. Баасы кызматташкан тараптардан болот. Инвесторлорду тартып жатабыз. Өзүңүздөрдүн талаптарды коюп, ортомчусуз иштешкиле», - деди ал.

Жыйында Кара-Буура районунан келген дыйкандардын бири Сатылган Абдрахманов 3 күндөн бери төө буурчактын баасы 3 сомго арзандап кеткенине арызданды.

«Бизде мындан 3 күн мурун эле төө буурчакты 50 сомдон алып жатышкан. Мына 3 күндөн бери баасы 3 сомго түшүп кетти. Сатып алуучулар болсо буйрутма жок деген шылтоо айтып жатышат. Баасына бир аз көзөмөл болобу?», - деди ал.

Россиядан келгендердин өкүлү А.Н.Горновдун айтымында, аларга 2200 тонна төө буурчак керек.

«Биз төө буурчактан консервалык азык жасайбыз. Жеринде төө буурчакты тазалоо, иштетүү процесси менен таанышуу үчүн келдик. Төө буурчакты тигип өстүрүү кыйын экен, тазалоо дагы женил иш эмес. Эч кандай сыр эмес, Таластын төө буурчагы консервалоо үчүн жогорку сорт болуп эсептелинет. Бизге 2200 тонна төө буурчак керектелет. Биз кызматташууга келдик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×