Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 03.10.2018 12:40

Жаш талант: 15 жаштагы футболчу А.Разылканов чоң мелдештерде да ийгиликтерге жетише баштады (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 15 жаштагы тургуну Абдулла Разылканов футбол боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы жаш спортчудан кабар алды.

Анын айтымында, футболго досунун кеңешинен кийин кызыгып калган. Учурда 9-класста окуйт.

«2-класста окуп жүргөндө дос балам менен футбол аянтчасына барып, башка мектептеги балдар менен футбол ойногонбуз. Ошондо биринчи жолу ойносом дагы командабызга упайларды топтоп берүүгө жетишкем. Ошол күндөгү кубанганымды унутпайм (күлүп). Досум футбол менен тынбай машыксам менден мыкты футболчу чыгарын айтып кеңеш берген. Ал убакта коңшу балдар менен футбол талаасында жөн гана топ талашып ойноп келсем, 4-класстан баштап Артисбек уулу Гамзат агайдын кол алдында машыгып калдым. Агай бир канча тактикалар менен ойногонду үйрөттү.

Алгач эле агай түзгөн команда менен Токтогул районуна барып, өзүбүз менен тең курактагылар менен ойноп, 3-орунга ээ болгонбуз. Андан кийин Ысык-Көл облусундагы мелдеште «Мыкты оюнчу» наамына ээ болгом. 2016-жылы Жалал-Абадка барып, U-15 тайпасындагы команда менен ойноп, ийгилик жаратканбыз. 2017-жылы Казакстандагы мелдештен «Мыкты оюнчу» наамына ээ болуп келдим. Ал оюнда командабыз менен биргеликте 2-орунга ээ болгонбуз.

2017-жылы Кант шаарында республикалык мелдеш өткөн. Чечүүчү упайга келгенде дарбазачыбыз кызыл карта алып калды. Анын ордуна мен дарбазачы болуп топту тосуп, упайды биздин пайдабызга алып келгем. Ошол учурду унутпайм. Бир нече жолу Кара-Балтадагы, Бишкектеги мыкты курама командалар менен ойноп, сыйлыктар менен кайтып келгенбиз. Акыркы жолу Кант шаарына барып, «Абдыш-Ата» командасы менен ойноп келдик», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле футболго болгон кызыгуусун ата-энеси да колдой тургандыгын белгиледи.

«Учурда машыктыруучу Илебаев Тилек агайдын жетектөөсүндө машыгып жүрөм. Машыгууга күнүгө сабактан кийин барып турам. Апам Акматова Индира менин футболго болгон кызыгуумду колдоп келет. Дем алыш күндөрү мектепте өзүмдөн кичүү жана коңшу балдарга футбол ойноо эрежелерин үйрөтөм. «Реал Мадрид» командасындагы Марселодой ойноп, ийгилик жараткым келет. Командам менен биргеликте мыкты футболдук команда аталып, Кыргызстандын желегин дүйнө элине көрсөтүп желбиретсек дейм», - деди ал.

Жаш футболчунун 1 эжеси, 1 карындашы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×