Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 02.10.2018 16:15

Жеңеке: Таластык Элвира жеңе келин болуп келгенде 20га жакын кой союлган (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы 42 жаштагы Айталиева Элвира жеңе келин болуп келгенде 20га жакын кой союлган. Аймактык кабарчы жеңеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кеңеш айылында чоңойгон. Кийин Мударис Абдраимовго турмушка чыгып, Талас районуна караштуу Кара-Кол айылына келин болуп келген. Учурда Талас шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө иштейт.

«Мектепти бүтүп, 1994-жылы медициналык орто окуу жайга тапшыргам. Анткени кичинемден дарыгер болууну самачумун. Бирок окууну аяктабастан Талас районуна караштуу Кара-Кол айылына келин болуп келдим. Жолдошумдун жеңеси менен менин апам экөө сүйлөшүп, бизди баш коштуруп коюшкан. Жолдошумдун жеңеси Кеңеш айылына барып-келип иштечү экен. Алар Кеңеш айыл өкмөтүндө эсеп-кысап бөлүмүндө бирге иштешет эле. Ошентип жолдошум менин айылыма келип тааныштык. Көп узабай той өткөрүп, турмуш куруп калдык.

Жолдошум сыналгы оңдоо боюнча уста. Аракетчил, боорукер, балдарына камкор, намыскөй жана түшүнүктүү адам. Жолдошум окуумду аяктап, Талас шаардык ооруканада төрөт бөлүмүндө иштеп калуума чоң колдоо көрсөттү», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жаңы келин болуп келгендеги учурду эскерди.

«Келин болуп келгенде баары оңой болгон жок. Башка үй, жаңы жашоо. Бала кезимден от жакчу эмесмин. Келин болуп келгенде от жагуу мен үчүн бир кыйла кыйын болду. Нанды чоң мешке жасачубуз. Ал мешке көп от жагып, ичи аябай ысып, кыпкызыл болгондо нанды салат элек. Менин акыркы нандарым бышпай калчу. Себеби чок калбай, кайра жаккандан ээринип, бышпай калган нандарды эч кимге көргөзбөй иттерге берип койчумун. Кийин от жакканды кайын энемден үйрөнүп, жакшы жагып калгам», - деди ал.

Эльвира жеңе жолдошу экөө 2 уул жана 1 кызды тарбиялап келишет.

«Кайын ата, кайын энемдер менен аз гана жашадык. Шартка байланыштуу бөлүнүп кеттик. Учурда Талас шаарында жашайбыз. Кайын энем аябай жакшы адам. Сый мамиледебиз, мени ар тараптан колдоп турат. Айылда болуп турчу жакшылыктарда биз жумуштардан бошобой көп бара албай калабыз. Ошондо кайын энем кичүү абысындарыма «Элвира улуу кызым, аларды күтпөй жумуштарды бүтүрө бергиле» деп айтып калат экен.

Кайын энем «Элвира келин болуп келгенде тун келиним болгондуктан аябай сүйүнгөм. Кубанганымдан келген эле конокторго күндөн бирден кой соё бергенбиз» деп айтып калчу. Кайын журтум мал-жандуу эле. 1 айда 20га жакын кой союлган экен», - деди ал.

Медайым жеңе 2 уул жана 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×