Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 02.10.2018 12:10

Таластын борбордук көчөсүндө массалык түрдө мал айдап өткөндөр тыйылбай жатат (видео)

Turmush -  Талас шаарынын Ч.Айтматов көчөсүндө эскертүүлөргө карабай мал айдап өткөндөр болууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолунун Талас шаарындагы тилкеси Ч.Айтматов көчөсү деп аталат. Көчөдө мэрия тарабынан мал айдап өткөндөргө 10 миң сомдон айып салына тургандыгы жөнүндө эскертүүлөр илинген.

«Бул жерден күн сайын Суусамыр жайлоосунан төмөнкү айылдардагы элдин малы өтүп жатат. Кичине балдарыбыз жолго чыгып кетет. Көп мал айдап өтүшкөндүктөн унаа тыгын болуп, трассада көп кыйынчылыктар жаралат. Бирок антип эле малчыларды күнөөлөй бергенибиз да болбойт. Талас шаарында малчылар үчүн атайын жол жок да», - деди Талас шаарынын тургуну Бердибек Каратаев.

Ал эми Талас шаарынын биринчи вице-мэри Дамирбек Курманалиев малчылар Талас шаары менен эмес, Көк-Ой айылы аркылуу кетип жаткандыгын билдирди.

«Биз мал айдап өткөнүн көргөн жокпуз. Бүгүнкү күндө бул боюнча эч кимге протокол түзүлгөн жок. Мэрия тараптан табличка (эскертүү) илинген. Бүгүнкү күндө Суусамырдан мал айдап келген малчылар Талас шаары менен эмес, Талас районунун Көк-Ой айылы менен айланып айдап чыгып кетип жатат», - деди ал.

1-октябрда Таластын Ч.Айтматов көчөсүнөн тартылган тасма

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×