Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 02.10.2018 14:14

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык А.Таалайбекова бийчилик өнөрү менен чет өлкөлөрдү да кыдырууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 19 жаштагы тургуну Айзат Таалайбекова 5 жылдан бери бийлеп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда медициналык окуу жайдын 2-курсунун студенти.

«Бийге кичине кезимден бери эле кызыгам. Бий ийримине өзүм барып катышкам. Кийин Бишкек шаарына көчүп, ал жактан да ийримдерди издештирип таап катышып калдым. 5 жылдан бери «Береке» бий ансамблинде бийлеп келем. Көбүнчө ар кандай майрамдык концерттерде бийлейбиз. Бийлеп жаткан учурда көптөгөн кызыктуу окуяларга туш болосуң. Филармонияга концертке келген элек. Мен боёнуп жаткам, бир убакта концерт башталып кетти. Бир көзүм боёлуп, бир көзүм боёлбой калган. Костюм кийип жатканда музыка башталып кетип, бир туфлимди кийгенге жетишпей калдым. Ошентип бир көзүм боёлбой, бир туфлим жок болуп бийлегеним эсимде.

Бир концертте мен астында бийлеп жаткам. Ырчы ырдап, артка басып келе жаткан. Артында мен айланып отура турган кыймыл бар болчу. Мен отурсам ырчы артын байкабай эле ырдап келип калды. Мен турбасам кулап калат деп ойлоп, ыр бүтөйүн деп калганда айланып жанына турдум. Ошол учурда «Бишкек барбызбы?» деп микрофонду солго сунса, менин оозума такалып калды. Анан кайырмасына кошулуп бир сабын ырдап калганым эсимде (күлүп).

Бий боюнча Кыргызстанда эле эмес Түркияга, Казакстанга чейин барып, кыргыздын желегин желбиретип келе жатабыз», - деди ал.

Бийчи кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×