Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 01.10.2018 17:15

Таласта 1 тонна көмүр 4600 сомдон 5200 сомго чейин сатылууда

Turmush -  Талас облусунун калкынын 33%ы кышкыга көмүр камдап коюшту. Бул тууралуу Талас облусунун жетекчилигинин регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казбек Медетбеков билдирди.

«Талас облусунун калкынын саны 46 миң адам. Бир кыш мезгилинде облус боюнча 57 миң тонна көмүр керектелет. Анын 49 миң тоннасын жалпы калк керектесе, калган 8 миң тоннасын республикалык жана жергиликтүү мааниге ээ бюджеттик мекемелер керектейт. Анын 2400 тоннасын жалпы билим берүү мекемелери керектешет. Бүгүнкү күндө мектептердин 94%ы кышкы көмүр менен толук камсыз болушту. Учурда Талас облусунун калкынын 33%ы көмүр менен камсыз болду. Азыр күн жылуу, анын үстүнө дыйкандар түшүмдөрүнүн кирешесин толук ала элек. Ноябрдын башында жашоочулар көмүр менен толук камсыз болуп калышат», - деди ал.

Өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлү Нуржан Курманкуловдун айтымында, көмүрдүн баасы боюнча 27-сентябрь күнү рейд өттү

«Көмүр отуну бизде социалдык мааниге ээ продукциялардын бири болуп эсептелет. Ошонун алкагында бизде кышка карата тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Жыл сайын көмүрдүн баасы кымбаттап жатканы белгилүү. Бизге көмүр көбүнчө Казакстандан ташылып келет. Чек арага жакын Кара-Буура жана Манас райондорунда баалар арзаныраак болуп жатат. Бүгүнкү күндө 1 тонна көмүр ал райондордо 4600-4800 сомдон сатылууда. Ал эми ушул эле көмүр жол киресин эсептегени менен Талас шаарында 5200 сомдон сатылууда», - деди ал.

Талас облусу Кыргызстан боюнча өзүнөн көмүр казылып алынбаган жалгыз облус болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×