Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 01.10.2018 13:00

Бакай-Ата районунда грек-рим күрөшү боюнча 2 күндүк мелдеш өттү

Turmush -  29-30-сентябрь күндөрү Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылында КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Абдымажит Төрөкуловдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү.

Машыктыруучу Бакыт Алымбековдун айтымында, мелдештин байгелерин демөөрчүлөр каржылаган.

«Мелдешке Бишкек шаарынан, Жалал-Абад облусунан жана Казакстандан балбандар келишти. Жалпы 380 балбан 25 кг салмактан 80 кг чейинки салмактарда күч сынашты. 1-орунга ээ болгондорго сыналгы, 2-орунга илингендерге чаң соргуч, 3-орунга ээ болгон жигиттерге чөнтөк телефондор тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×