Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 28.09.2018 15:28 На русском

Эмне үчүн Таластагы көмүр саткандар атайын бөлүнгөн жерде соода жүргүзбөй жатышат?

Turmush -  Талас шаарындагы айрым көмүр сатуучулар атайын бөлүнгөн жерге баруудан баш тартып жатканын аймактык кабарчы билдирди.

Шаардык коммуналдык чарба ишканасынын инженери Самудин Оморов айтымында, аталган ишкана тарабынан Алдашүкүр жана Бердике баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен 15 сотых жер бөлүнүп берилген.

«Көчөлөрдөгү көмүр саткан жерлерди иретке келтирүү максатында атайын жер бөлүнгөн. Ар бир сатуучуга 100 чарчы метрден 150 чарчы метрге чейин жер берилген. Соодагерлер бир сом салык төлөбөйт. Биз ал жерди жарыктандырып, тазалыкты камсыздап бере алабыз», - деди ал.

20 жылдан бери Казакстандан көмүр ташыган Талас шаарынын тургуну, ишкер Мелис Чойбеков: «Былтыр мэрия үйдүн короосунда көмүр сатууга уруксат берген. Мен борбордук базарга жакын жерде көмүр сатам. Ал жерден базарга келгендер, пенсионерлер, айылдыктар 1-2 чакадан алып кетишет. Атайын бөлүнгөн жерде сата албайм. Биринчиден транспорт чыгымы бар болсо, экинчиден ал жерге эл келбейт», - деди.

Ал эми сатуучу Нуркалый Муктарбековдун айтымында, ишкана бөлүп берген жерде шарттар каралган эмес.

«Шаардын сыртына чыгарууга негиз жок. Балким көмүрдү көчөгө төгүп алып сатып жаткандар барса болот. Бирок ал жакка барган соң жашаганга жай таап, кароолчу алуу керек. Шаардын четинде болгондуктан коопсуз эмес деп ойлойм. Бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы ар кандай болуп жатат. Кара-Жырга менен Шабыркүл көмүрүнүн 1 тоннасы 5400 сом болсо, Кара-Кеченин көмүрү 4200 сомго бааланууда. Быйыл Казакстандын көмүрлөрү кымбат болууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×