Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 24.09.2018 13:55 Жаңыланды: 24.09.2018 18:10 На русском

Кайын эне: Кыздарын кыйналып чоңойткон Кумарбүбү апа жалгыз уулун үйлөнткөндө 7 күйөө баласы 7 жылкы алып келип берген (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Сасык-Булак айылынын 64 жаштагы тургуну Абдрахманова Кумарбүбү апа 7 кыз, 1 уулду жалгыз чоңойтуп, азыр алардын урматын көрүп отурган чагы. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жолдошу Калназар Абдрахманов кыздары бой жетип келе жаткан учурда көз жумган.

«Жолдошум каза болгондон соң тагдырдын оор сыноосуна туш болдум. Мындай тагдырга эч ким туш болбосун. Көп кыйынчылык көрдүм. Кээ бир күндөрү тагдырдын татаалдыгына ичим ачышып, бугумду көз жашым менен кошо чыгарып алчумун. Үлүшкө тийген 1,5 гектар жерге төө буурчак эгип, аны багып, түшүмүн жыйнап, түйшүк тарттым. Жетишпеген жашоо, бирине жеткирсем, экинчисине жетпейт. Кыздарым ыйласа кошо ыйладым. Ушундай кыйынчылык менен балдарымды чоңойттум», - деди ал.

Улуу кызы Клара 1975-жылы, экинчи кызы Гүлгаакы 1976-жылы, үчүнчүсү Гүлайша 1981-жылы, төртүнчүсү Үмүт 1984-жылы, бешинчиси Гүлназ 1986-жылы төрөлгөн. Алтынчы болуп эгиз кыздары Гүлкан менен Нуркан 1990-жылы төрөлсө, сегизинчи болуп уулу Осмон 1997-жылы жарыкка келген. Кумарбүбү апа учурда жалгыз келининин жана күйөө балдарынын урмат-сыйын көрүп, өткөргөн кыйынчылыктарын унутуп, бактылуу эне болду.

«Кыздарымдын бардыгы турмушка чыкты. Айдын 15 күнү караңгы, 15 күнү жарык дегендей күйөө балдарым күйүмдүү болуп чыкты. Улуу кызым Клара турмушка чыкканда күйөө балам колума алтын шакек таккан. Ошол алтын шакек менин буга чейинки башымдан өткөргөн оор турмушту унуттурган биринчи жакшылык болгон. Күйөө балдарымдын бардыгына калыстык менен мамиле кылып, аларды өз балдарымдай сыйлап турам. Күйөө балдарым дагы өз ара ынтымактуу», - деди ал.

Кумарбүбү апа азыр 27 неберенин таене, чоң энеси болду.

«Күйөө балдарымдын күйүмдүү чыгышы мени бул жашоодо бир кубантса, 2016-жылы уулум Осмон келиндүү кылып дагы бир кубантты. Өзүмдү дүйнөдө жок бактылуу адамдай сездим. Ошол кубанычымды сөз менен айтып бере албас элем. Сүйүнүчүм койнума батпай ыйладым. Анткени кыздарымдын баары турмушка чыгып кетип, үйдө уулум экөөбүз гана калган элек. Келиним келгенде үйүмө кут кошо киргендей эле болду. Уулум үйлөнгөндө күйөө балдарымдын ар бири бирден жылкы жана 20 миң сом алып келип беришти.

Уул-кыздарым, күйөө балдарым болуп дайыма чогуу эс алууга чыгабыз. Балдарымды кыйынчылык менен өстүрсөм, эми минтип жакшылыктарын, кызматтарын, урмат-сыйын көрүп жатам», - деди ал.

Кумарбүбү апанын улуу күйөө баласы Жамалбек Талас шаарынан, экинчи күйөө баласы Мирлан Манас айылынан, үчүнчүсү Бакыт Козучак айылынан, төртүнчүсү Бактияр Кара-Суу айылынан, бешинчиси Рысбек менен алтынчысы Алмаз Чкалов айылынан. Жетинчиси — эгиздин бири Нурканга үйлөнгөн күйөө баласы Алмаз Бишкек шаарынан болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×