Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 24.09.2018 13:00

Таласта футбол, күрөш, эр таймаш боюнча 2 күндүк мелдештер өттү (фото)

Turmush -  22-23-сентябрь күндөрү Талас районунун Талды-Булак айылында футбол, күрөш, эр таймаш боюнча маркум Азамат Өзүбековдун жаркын элесине арналган 2 күндүк мелдештер өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маркум А.Өзүбековдун бир тууган агасы Жүзүр Өзүбековдун айтымында, облустук деңгээлдеги мелдештер 3 жылдан бери уюштурулуп келет.

«Иним айыл ичинде кадыр-баркка ээ жигит болчу. Айылды оңдоп-түздөп, алдыңкы айылдардын бири кылам деген жакшы тилектери бар эле. Өзү спорттон ийгиликтерди жаратып келгендиктен спорт комплекске анын атын ыйгарганбыз. Жаркын элесин унутпай, 22-сентябрь туулган күнүнө арнап 3 жылдан бери турнир өткөрүп келебиз. Мелдештердин байге фондуна айыл өкмөт, бир туугандары жана классташтары, ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан 70 миң сом чогулду. Бул каражат оюндардын байгелерине бөлүнүп берилди. Ошондой эле медалдарга жана атайын футболкаларга инимдин ысымы жаздырылды», - деди ал.

А.Өзүбеков атындагы спорт комплекстин машыктыруучусу Береке Токтоналиевдин айтымында, бул жолку мелдештерге жалпы 120 спортчу катышты.

«22-23-сентябрь күндөрү өткөн турнирге жалпы 4 райондон жана Бишкектен атайын спортчулар келип катышып кетишти. 2 күндүк оюнда футбол, күрөш, эр таймаш боюнча таймаштар өткөрүлдү. Күрөшкө 26 кг салмактан 75 кг салмака чейин балбандар катышса, эр таймашка 56 кг салмактан 75 кг салмакка чейин мушкерлер катышты. Орунга ээ болгон жигиттерге 1 миң сомдон акчалай сыйлык, медаль жана дипломдор тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×