Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 24.09.2018 09:35 Жаңыланды: 24.09.2018 15:23 На русском

Таласта бычакталган жаш келин каза болду. Кылмышка шектелген адам аныкталды (толукталды)

Turmush -  Кечээ, 23-сентябрда Талас шаарында 25 жаштагы келин бычакталып мерт болду. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ түндө болгон. Келиндин денесине бир нече жолу бычак сайылып, ооруканага жетпей каза болгон.

Айрым маалыматтарга караганда, анын жолдошу экөөнүн ортосунда 3 баласы бар экендиги айтылууда.

Талас ОИИБдин маалыматына караганда, кечээ саат 20:00 чамасында милицияга Талас шаарынын тургуну кайрылып, анын 1993-жылы туулган А.Ж. аттуу кызын белгисиз адам бычактап өлтүргөндүгүн билдирген. Учурда кылмышка шектелген адам аныкталды. Бирок азыр бул факты боюнча эч ким камакка алынган жок. Иликтөө иштери улантылып жатат.

Ал эми кошуналарынын айтымында, каза болгон келин Талас шаарында көп кабаттуу жатаканалардын биринде апасы менен жашачу.

«Жаркылдаган, жардамын аябаган кыз эле. Бакай-Атага турмушка чыккан экен. Өздөрү Кара-Балтада турушчу экен. 1,5 айдан бери жолдошу менен ажырашып Таласта жүргөн. «Жолдошум тынчымды алып жатат» деп айтып жүрчү. Кечээ үйдө сиңдиси экөө калыптыр. Сиңдисин «тишим ооруп жатат» деп аптекага жөнөткөн экен. Сиңдиси 2 таблетка дары алып келгенче бычакталып калыптыр. Бирок бычактаган адамды милиция таппай калды», - деди алар.

Кылмышка шектелип күйөөсү кармалды:

25-сентябрда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы келиндин өлтүрүлүшүнө шектелип, 34 жаштагы жолдошу кармалгандыгын кабарлады.

Маалыматка караганда, келин буга чейин жолдошу менен Бишкекте жашагандыгы такталды. Бирок ал 1 айга жакын убакыт мурда күйөөсү менен ажырашып, Таласка апасына баса берген. Күйөөсү анын артынан келген. Бирок экөөнүн ортосунда чатак чыгып, урушуп кетип, аны бычак менен сайып салган.

«Бул кылмышка шектүү адам кечээ күнү кармалды. Ал каза болгон жарандын (келиндин) күйөөсү. Шектүү Бакай-Ата районунун тургуну 1984-жылы туулган тургуну экендиги такталды. Буга чейин жубайы экөө Бишкек шаарында жашап келишкен. Ал кылмыштан кийин 1 суткага жетпей Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетине жакын жерден кармалды. Өлтүрүүгө кызганыч себеп болгон. Кармалган адам азыркы учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×