Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 24.09.2018 09:14 На русском

Таласта бокс боюнча эл аралык турнир өтүп жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарында өспүрүмдөр арасында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Молдалы Мураталиевдин жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Бокс боюнча машыктыруучу Нурлан Раяпбаевдин айтымында, 22-сентябрда башталган мелдештер 26-сентябрга чейин уланат. Бул турнир 2012-жылдан бери өтүп келет.

«Турнирге Россия, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын мушкерлери келди. Жалпы 120 мушкер 46 кг 91 кг чейинки 11 салмакта күч сынашат. Өспүрүмдөр 15-16 жаштагы балдар», - деди ал.

Молдалы Мураталиев Талас облусунун учурдагы жетекчиси Марат Мураталиевдин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×