Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 22.09.2018 15:36 На русском

Таласта былтыр 40 сомдон сатылган кара өрүктөр быйыл 10 сомдон сатылууда. Себептери айтылды

Turmush -  Таласта кара өрүк төмөн баада сатылып жаткандыгынын себептери айтылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керимбаевдин айтымында, Таластагы дыйкандар кара өрүк өстүрүүнүн жолдорун толук өздөштүрө элек. Мунун айынан кемчиликтер орун алууда.

«Кара өрүк Таласта массалык түрдө 2 жылдан бери өндүрүлүп баштады. Бирок көпчүлүк дыйкандар баасына нааразы болушууда. Кара өрүктүн баасынын арзан болушунун бир себеби анын түшүмү башка жакта дагы көп болгондугу. Таластын кара өрүгүнө суроо-талап аз болуп жатканынын дагы бир себеби — акыркы суусун сугарып салышкан. Дыйкандар сатыка чыгара турган өрүктү өстүрүү технологияларын билишпейт. Акыркы суусун ичкен өрүк жумшак болот дагы башка жакка ташууда эзилип жарабай калат. Кыштагы окутууларда кара өрүк өстүрүү боюнча окутууларга өзгөчө маани берилет», - деди ал.

Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Нурлан Орозбаевдин айтымында, быйыл Бакай-Ата району боюнча 2500 тонна кара өрүк өндүрүлгөн.

«Бакай-Ата району Талас облусу боюнча кара өрүктү эң көп өстүргөн аймак болуп саналат. Быйыл район боюнча 2500 тонна кара өрүк өндүрүлдү. Статистикада кара өрүктүн аянты 51 гектар жер деп катталганы менен кара өрүктүн аянты 300 гектарды ээлейт. Быйылкы кара өрүк сезонунда анын баасы 10 сом менен башталып, бүгүнкү күндө 8-10 сомду кармап турат. Салыштырмалуу былтыркы жылы кара өрүктүн 1 кг баасы 40 сомго чейин жеткен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×