Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 21.09.2018 09:16 На русском

Таласта Сатылган датканын эстелиги ачылды (фото)

Turmush -  Талас шаарында Бапы уулу Сатылган датканын (1789-1874) эстелиги ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, эстеликти анын урпактары тургузду. Ачылыш аземге чакырылгандарга тамак берилди.

Сатылган датка Кокон хандыгынын учурунда таасирдүү адамдардын бири болгон. Ал 1842-жылы тууганы Шералыны Кокон хандыгынын тактысына отургузуу үчүн Таластан бир нече миң кол жыйнап Коконго жиберүүгө активдүү катышкан. Кокон хандыгы кулагандан кийин Кыргызстандын түндүк аймагынын Россия империясына өз эрки менен кошулуусу боюнча аракеттерге да катышкан. 2019-жылы Сатылган датканын 230 жылдыгын белгилөө пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×