Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 20.09.2018 15:42

Айыл турмушу: Мугалим К.Наржигитова окуучуларын облустарга алып барып, тарыхый эстеликтерди көрсөтүп сабак өтөт (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Булак айылынын 33 жаштагы тургуну Клара Наржигитова өзүнүн мугалимдик кесибиндеги кыялын орундатууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, 2007-жылы Талас мамлекеттик университетинен тарых адистигин алган. 11 жылдан бери кесиптик билим берүү бөлүмүндө тарых сабагынан мугалим болуп эмгектенет.

«Балдар менен иштешүүнү аябай жакшы көрөм. Мектепте окуп жүргөн кезимде эле балдарды окутууну, тарбиялоону кыялданчумун. Сабакта ар кандай ыкмаларды колдонуп, балдардын билимге кызыгуусун арттырууга аракет кылам. Диспут, викторина, акыл ордо жана башка окутуу формалары аркылуу сабак өтөм. Балдар тарых боюнча тереңирээк маалымат алышсын деген ой менен облустарга алып барып, тарыхый жерлерди көрсөтүп келсем деп максат койчумун. Ошол кыялым ишке ашып, 3 жылдан бери Кыргызстандын аймактарына студенттер үчүн орто кылымдардан калган архитектуралык эстеликтерге экскурсия уюштуруу ишин жүргүзүп жатам. Балдар теорияда эле окуп калбасын деп ата-энелери менен макулдашып, колледждин администрациясынын уруксатын алам. Кыргызстандын аймагындагы алыскы жана жакынкы архитектуралык эстеликтерге баруу ар бир баланын өз каалоосунда болот», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле экскурсиянын түйшүгү да болорун белгиледи.

«Бир жолу Жалал-Абадга барганыбызда түн жарымы болуп калган. Мейманканалар кабыл алышпай, паркка чогулуп алып, сүйлөшүп отуруп таңды аттырганбыз. Менде дагы коркуу сезими болгон. Айлана караңгы, эч ким жок, балдарым болсо кайда барабыз деп чырылдап жатышса жоопкерчилигимди эстеп чыйралып, сүйлөп берип таң аттыргам. Үзүрлүү эмгектин арты менен 2 тайпа бүтүрүп, 2016-жылы «Мыкты куратор» жана ардак грамоталарды алдым», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×