Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 20.09.2018 14:38

Таласта жол коопсуздугу боюнча 1 айга созулган рейд өттү

Turmush -  Талас облусунда 20-августтан 20-сентябрга чейин «Саламатсыңбы мектебим» аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ага инспектору Сабит Оморбеков билдирди.

«Саламатсыңбы мектебим» рейдинин негизги максаты — өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыгын алдын алуу. Иш-чаралардын жүрүшүндө Талас облусундагы инспекторлор мектептерде жол эрежеси боюнча сабак өтүштү. Жалпы Талас облусунун аймагында 112 окуу жай бар. Эртең мененки саат 7:30дан 8:30га чейин мектептердин жанында жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол коопсуздугун көзөмөлдөп жатышат.

Мындан кийин дагы өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүрүп, сабактары башталган саатка чейин мектептин алдындагы жол коопсуздугу такай биздин көзөмөлдө болот. 1 айлык рейддин жүрүшүндө 1851 протокол түзүлүп, 32 мас айдоочу кармалды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×