Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 20.09.2018 13:26

Таласта жардамга муктаждарга азык-түлүктөр таратылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-сентябрда Талас шаарында эл аралык уюмдардын бири жардамга муктаж адамдарга 3600 кг азык-түлүк таратты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сабиз, пияз, күрүч жана жасмык (буурчак сыяктуу өсүмдүктүн бир түрү) салынган баштыктар кургак учук менен ооруган бейтаптар дарыланган мекемелерге, карылар жана балдар үйлөрүнө, мектеп-интернаттар менен социалдык жана психологиялык жактан колдоо мекемелерине таратылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар кандай азыктардан жасалган тамак-аштардын жармаңкеси да өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×