Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 19.09.2018 14:50 На русском

Таласта 2 унаа кагышып, милиция кызматкерлеринин унаасына барып урунду (фото)

Turmush -  Бүгүн, 19-сентябрда Талас ШИИБдин имаратынын жанында 2 унаа кагышты. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 12:30 чамасында шаардын Бердике баатыр жана Ч.Сатаев атындагы көчөлөрүнүн кесилишинде «Хонда Степвагон» жана «Жигули» үлгүлөрүндөгү унаалар кагышты. 2 унаа күү менен барып, милиция кызматкерлерине тиешелүү болгон «Субару Форестер» унаасына урунган. Кырсыктан эч ким катуу жабыр тарткан жок. Окуя болгон жерде Талас ШИИБдин ыкчам тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, «Жигули» үлгүсүндөгү унаа да милициянын унаасы болушу мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×