Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 19.09.2018 09:50

Таласта өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча парад өттү (видео)

Turmush -  Кечээ, 18-сентябрда Талас шаарында өзгөчө кырдаалдардан сактанууну эскертүү максатында атайын парад өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы кабарлады.

Маалыматка караганда, иш-чарага ӨКМдин, ИИМдин кызматкерлери, студенттер, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Көрүүчүлөргө өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча сценкалар көрсөтүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун айтымында, мындай иш-чаралар атайын 1 айлыктын алкагында уюштурулууда.

«Кырсыктардын тобокелчиликтерин алдын алуу максатында 5-октябрга чейин 1 айлык жарыяланган. Бул иш-чаралар базарларда, эл көп жүргөн мекемелерде өтүүдө. Былтыркы жылы 309 жолу өзгөчө кырдаал катталып, 112 адамдын өмүрүн алган. Быйыл салыштырмалуу азайды. Быйыл 9 ай ичинде 90 өзгөчө кырдаал катталып, 12 адамдын өмүрү кыйылды», - деди министр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×