Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусу, Талас 18.09.2018 10:29

Жаш талант: Таластык балбан Н.Автандилов эрежесиз эр таймаштарга чыга баштады (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 17 жаштагы тургуну Нурадил Автандилов спорттун бир нече түрү менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Таластагы колледжде юрист адистиги боюнча бөлүмдө 1-курста окуп жатат.

«Эркин күрөш, эрежесиз эр таймаш жана кыргыз күрөш менен машыгам. Алгач 10 жашымда эркин күрөшкө атам алып келген. 12 жашымда кыргыз күрөшкө да катыша баштадым. 15 жашымдан баштап WEF турнирлерине чыга баштагам. Жаңы катышып жүргөн кезде 36 кг салмакта күрөшчүмүн. Эң биринчи ийгилигим 10 жашымда болгон. Талас шаарында чакан турнир өтүп, 36 кг салмакта күрөшүп, 3-орунду алгам. Ошондо сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибергеним эсимден эч кетпейт (күлүп). Андан кийин 46 кг салмакта Талас шаарында өткөн турнирде чемпион болгом. Эркин күрөштөн 5 медаль, 23 диплом, 2 кубоктун ээсимин. Кыргыз күрөштөн 11 диплом, 3 медалдын ээсимин.

2016-жылдан баштап эрежесиз эр таймашка катыша баштадым. Мен бул спортту көбүнчө сыналгыдан эле көрчүмүн. Бара-бара жага баштады. Атам «барып көрбөйсүңбү» деп айтып калды. Ошентип катышып калдым. Машыгуу учурунда көп эле жаракат алган учурлар болот. Бир жолу колумдун бир манжасы чыгып кеткен. Быйыл эр таймаш боюнча Казакстанда өткөн турнирде башымдан жаракат алдым. Бирок жаракат алганга карабай машыгууну улантып келем. Эр таймаш боюнча 1-орундар үчүн алган 1 медаль жана 1 дипломдун ээсимин.

Күрөш менен машыгууга күнүгө түшкүсүн саат 14:00дөн 16:00гө чейин барам. Келечекте Кыргызстандын желегин желбиретким келет. Олимпиадага барсам деген максатым бар», - деди ал.

Спортчу жигит үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×