Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Талас облусу, Талас 15.09.2018 11:14

Таластагы ардагерлер Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөгө жарым пенсиясын берүүгө даяр

Turmush -  Талас облусунун ардагерлер кеңеши жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата жарым пенсиясын бөлүп берүүнү сунушташты. Бул тууралуу ардагерлер кеңешинин төрагасы Мунур Мамбеталиев билдирди.

Анын айтымында, жалпы 9 ардагер маараке үчүн пенсиясынын жарымын берүүгө даяр.

«Ч.Айтматов унутулгус, баарыбызга "күн сайын адам бол" деп тарбия берген инсан. Керек болсо биз Ч.Айтматовдун чыгармалары менен өстүк. Биз кеңешип, бир айлык пенсиябыздын тең жарымын берүүнү чечтик. Мындай чечимди жалпы 9 адам кабыл алдык. Ошондой эле райондогу ардагерлер да кошулду. Айрым ардагерлер 10 миң сом кошууну сунушташты. Баарыбыз макул болуп, бекиттик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×