Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Талас облусу, Талас 27.07.2018 12:51 На русском

Б.Жайлообаев Талас облустук юстиция бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды

Turmush -  Талас облустук юстиция бөлүмүнүн жаңы жетекчиси болуп Бакыт Жайлообаев дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, аны аталган кызматка дайындоо боюнча тиешелүү буйрукка юстиция министри А.Абдылдаева 20-июнь күнү кол койгон. Бакыт Жайлообаев буга чейин Жалал-Абад облусунда жетекчилик кызматты аркалап келе жаткан.

Аталган бөлүмдүн мурдагы жетекчиси Таалайбек Эралиев Ысык-Көл облусуна жетекчилик кызматка кеткен.

Резюме:

Аты-жөнү — Жайлообаев Бакыт Канаевич;

Туулган жылы — 1976-жыл 4-май;

Туулган жери — Манас районунун Чеч-Дөбө айылы;

Улуту — кыргыз;

Билими:

2002-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинен юриспруденция адистигине ээ болуп чыккан.

Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы

Иш тажрыйбасы:

- 1996-1997-жылдары Талас шаардык сотунун катчысы;

- 1997-2001-жылдары Талас шаардык сотунун сот аткаруучусу;

- 2001-2003-жылдары Талас шаардык сотунун улук сот аткаруучусу;

- 2003-2005-жылдары Талас райондук сотунун улук сот аткаруучусу;

- 2005-2011-жылдары Талас облустук ютиция башкармалыгында башчынын орун басары;

- 2011-2015-жылдары Талас облустук ютиция башкармалыгынын башчысы

- 2015-2018-жылдары Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын башчысы;

- 2018-жылдары июль айынан тарта Талас облустук ютиция башкармалыгынын жетекчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×