Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 13.07.2018 09:35 Жаңыланды: 13.07.2018 09:42

Президент С.Жээнбеков Молдомуса Конгантиевдин ишин изилдеп, тергөөгө укуктук баа берүүнү тапшырды

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага мурунку министр Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы кечээ, 12-июлда Талас шаарында Талас облусунун жашоочулары менен болгон жолугушууда суроолорго жооп берип жатып билдирген.

Президент

Буга чейин УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш ишти токтоткону маалым болгон эле.

Мамлекет башчысы 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшкө арналган жыйыны өткөнүн эске салды. Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, кызматтык, экономикалык жана коррупциялык кылмыштар боюнча токтотулган кылмыш иштер өлкөнүн прокуратура органдары тарабынан иликтенип чыккан.

Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, прокуратура органдары көзөмөл иретинде 2010-2017-жылдарда бардыгы болуп 3408 кылмыш ишин — 2262 токтотулган жана 1146 жабылган кылмыш иштерин иликтеп чыгып, анын ичинен 498 токтотулган жана 85 жабылган кылмыш иштери боюнча иликтөөнү кайра жандантты. Иликтөөнүн натыйжасында акыркы процессуалдык чечим кабыл алынып, 51 иш сотко жөнөтүлгөн, ал эми 6 иш боюнча тергөө токтотулган. Калган кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Таластагы жолугушуу

«Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши дагы бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым», - деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы мурда токтотулган жана жабылган дагы 500дөн ашык кылмыш иштер боюнча иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.

---------------------------------------------------------------------

М.Конгантиев М.Конгантиев Кылмыш-жаза кодексиндеги 305-берененин 2-бөлүгүнүн 2-4-5-пункттары (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 316-берененин 1-бөлүгүнүн (шалаакылык) негизинде айыпталган. 2012-жылдын февраль айында башкы прокурор Аида Салянова Жогорку Кеңеште М.Конгантиевге карата кайра кылмыш иши козголгонун билдирген болчу. Буга чейин кылмыш иш анын ден соолугуна байланыштуу токтотулган.

М.Конгантиевге кылмыш иш 2010-жылы 7-апрелден кийин козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×