Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Талас

Таластагы базарды иретке келтирүү үчүн тосмолор орнотулууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын борбордук базарын иретке келтирүү үчүн тосмолор орнотулууда. Бул тууралуу шаардын мэри Айдар Жузупбеков билдирди.

«Шаарыбыздагы борбордук базарда жайылма базарлар көбөйүп, унаалар баш аламан токтоп, бир катар ыңгайсыздыктарды жаратып жаткан. Биз караштырып отуруп, базар жайгашкан тосмолорду орнотууну туура көрдүк. Базар Манас көчөсүнүн кенендиги 15 метр, ал эми узундугу 400 метр тилкесинде жайгашкан. Ал көчө бир тараптуу болгондуктан унаалар менен өтө баш аламандык жаралчу. Тосмо менен көчөнү экиге бөлүп, эки тараптуу жол кылдык дагы, оң капталында унаа токтотууга орун калтырдык», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 676
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×