Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 09.07.2018 11:09

Айыл турмушу: М.Кожомбердиев жубайы экөө чет өлкөдөн күнөскана курууну үйрөнүп келип Таласта дыйканчылык кылууда (видео)

Turmush -  Талас шаарынын 28 жаштагы тургуну Медер Кожомбердиев үйүнө 45 метр узундуктагы күнөскана куруп, дыйканчылык кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, күнөсканы курууга атасы Тилеккан Кожомбердиев жардам берген.

«Быйыл март айынын башында помидорлордун кичинекей стакандарга тигилген уруктарын Бишкектен алдыртып, бир-бирден тигип чыктык. 9-мартта уруктар көчөт болуп өсүп чыгып, 1 ай 15 күн болгондо күнөсканага отургуздурдук. Көчөттөрдү кайра 10-июндан тарта сатып баштадык. Талас ичиндеги дүкөндөргө коюп дагы сатып баштадык. Помидорлор эми кызарып баштады. Буйруса сатыкка чыгарабыз деген ойдобуз.

Күнөскана курууну жубайым экөөбүз Москвадан үйрөнүп келгенбиз. Анда помидор, бадыраң өстүрөбүз. Кошумча өзүбүзгө керек болгон укроп, петрушка, капуста, таттуу калемпир, сабиз, өстүрөбүз Азыркы учурда бадыраңдарды 30 сомдон сатып баштадык. Азыр жаңы сатып баштагангабы киреше аз-аздан болуп жатат. Буруса кирешебиз чыгашаларды жабат деген ойдобуз. Көптөр күнөсканабызды кичинекей деп ойлошот. Өздөрү көргөндө «чоң турбайбы» деп таң калышат (күлүп). Өзүм мурда жыгач тилүүчү пилорама иштетчүмүн. Азыр болсо курулушта иштеп баштадым. Күнөскананы жубайым Жумагүл карайт», - деди ал.

Дыйкан жигит жубайы экөө 1 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×