Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 05.07.2018 20:24

Эл ичи — өнөр кенчи: 19 жаштагы А.Жолдубаева бала бакчада бөбөктөргө бийден сабак берип эмгектенүүдө (фото)

Turmush -  Талас шаарында чоңойгон 19 жаштагы Айзана Жолдубаева 4 жылдан бери КВНде ойноп, бөбөктөргө бий боюнча сабак берүүдө. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда жогорку окуу жайда журналистика адистиги боюнча билим алууда. Учурда жеке менчик телеканалардын биринде иштейт.

«КВНге биринчи жолу 15 жашымда «The Best» курама командасынын оюнчусу болуп чыккам. Ата-энем мен кандай тандоо кылбайын ар дайым мени колдоп турат. КВНдин негизин балдар түзчү. Анан мага тийишкен балдар көп болчу. Менин командамдагы балдар мага балдар тийшпесин деп ар дайым кайтарып жүрүшчү. Бир оюнда тамашаларыбыз жазылган кагазымды жоготуп алдым. Сахнага чыкканда 2-3 тамашаны айткандан кийин эмне айтарымды билбей, элге «көчөдө болгон окуя» деп жарыялап салдым. Балдар өздөрү эле ошол жерден окшоштуруп, бир тамашаны ойноп коюшкан. Даярдыгыбыз аз болгонуна карабастан ошол таймашта 1-орунду алганбыз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар менен 8 жылдан бери бий менен алектенет.

«8-классымдан бери бийлеп келем. Азыркы учурда «Назик» бийчилер тобунун негизги курамында бийлейм. Акыркы 1,5 жылдан бери бала бакчалардын биринде бөбөктөргө бийден сабак өтөм. Бала бакчага жумасына 2 жолу сабак берем. Бий сабактан жана иш-чараларда бийлөөдөн айына 15-20 миң сомго чейин акча таба алам. Өзүмө керектүү каражатты өзүм табам», - деди ал.

Бийчи кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×