Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 05.07.2018 12:48 На русском

Талас шаарынын мэри А.Жузупбековдун биринчи жолу берген отчетунда депутаттар нааразычылык билдиришти

Turmush -  Бүгүн, 5-июлда Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков отчет берди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, бул Айдар Жузупбеков кызматка келгенден берки биринчи жолку отчёту. Сессияга жалпы 31 депутаттан 24 депутат катышты. Мэр шаардагы социалдык-экономикалык маселелер, бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгү, жылуулук менен камсыздоо боюнча маалымат берди.

Депутаттар өз кезегинде мэрдин отчёту кеч берилип жатканына нааразы болуп, Шаар күнү төмөн деңгээлде өткөндүгүн, шаардын 74 жылдык мааракеси жөнүндө депутаттардын жарымы кабарсыз калганын айтышты.

Мэр өз сөзүндө былтыркы жылы шаар күнүнө карата 185 миң сом каралса, быйылкы жылы 51 миң сом каралганын белгиледи. Каражат аз болгондуктан шаар күнүнө адамдар аз келген.

Депутат Тимур Жумабеков мэрге Өнүгүү фонддун мэрияга бөлүнгөн каражаттары кайда экендиги тууралуу суроо берди.

«Туянын акчасы эмне үчүн берилген жок? Туялар туура учурда, туура ыкма менен тигилдиби? Өсүп кетерине кепилдик барбы? Таштанды ташуучу техникалар эмне үчүн келе элек? Эмнеге мэриянын тендерлерин жаңы катталган фирмалар утууда?», - деди ал.

Мэр жооп катары тендерлерди ылайыктуу компаниялар уткандыгын айтты. Ал эми туялардын тигилишине өзү каршы болгон.

«Мен умрадан (кичи ажылык сапар) келгенче туялар тигилип калган. Стандарт боюнча бойлору 120 см экенин айтышты», - деди Айдар Жузупбеков.

Жыйында Талас шаарындагы бүтүрүүчүлөрдүн 91% жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, 74% абитуриент гана 110 баллдан ашык упай алгандыгы белгилүү болду. Талас шаары жалпы республикалык тестирлөөнүн республикалык жыйынтыгында 3-орунду ээледи.

Айдар Жузупбеков Талас шаарынын мэри болуп 2017-жылдын 13-мартында шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×