Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 05.07.2018 09:26

Жаш талант: Таластык И.Алымкулов жөө күлүктөр арасындагы мелдештерде ийгиликтерди жаратууда (видео)

Turmush -  Таластык 18 жаштагы Ислам Алымкулов жеңил атлетика менен машыгып ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, көп мелдештерде 100 метр аралыкка чуркоо боюнча 1-орунду ээлеген. 100 метр аралыкка чуркоодо маарага 11 секундда жетип келген учурлары болгон.

«8-9-класста окуп жүргөндө Талас шаарынын спартакиадасында байгелүү орунга илингем. Ошондон баштап жеңил атлетикага кызыгып, чуркап жүрдүм. 10-классымда күнүгө машыгып жүрүп, республикалык мелдештерге жолдомо алууга жетиштим. 2017-2018-жылдар мен үчүн жемиштүү жылдардан болду. Талас шаарында мектептер аралык мелдеште 100-200 метр аралыктарга чуркап, 1-орунду алдым. Андан облустук мелдешке жолдомо алдым. Ал жактан дагы алдыңкы орунга илинип, республикалык мелдешке жолдомо алдык. Жеңил атлетика боюнча 1 жолу эл аралык мелдешке, 1 жолу республикалык мелдешке катышып келдим. Эл аралык мелдешке Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн дагы спортчулар келишти. Жалпысынан 40 бала чуркады. 40 баланын ичинен маарага төртүнчү болуп келдим», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле «АК-47» үлгүсүндөгү автоматты 4,5 секундда чача алат. Бул жыйынтык Талас облусу боюнча окуучулар арасындагы рекорд болуп эсептелет.

«2017-жылы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөн мелдеште «АК-47» үлгүсүндөгү автоматты чачып жыйноо боюнча өткөрүлгөн мелдеште Талас шаары жана району боюнча 1-орунду алгам. Бишкек шаарында Кой-Таш аскердик бөлүгүндө өткөн мелдеште автоматты 3,4 секундда чачкан болчумун», - деди ал.

Жөө күлүк жигит үй-үлөдө жалгыз уул.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×