Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 04.07.2018 14:22

Таластык окуучулар Дубайдагы арифметика боюнча мелдештен алдыңкы орундарды ээлешти (фото)

Turmush -  21-26-июнь күндөрү менталдык арифметика боюнча Дубайда өткөн эл аралык мелдеште Таластан барган 5 окуучу тең байгелүү орун алышты. Бул тууралуу аталган окуучулардын биринин апасы Перизат Мамырова билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Өзбекстан Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Россия, Белоруссия сыяктуу 12 мамлекеттен келген 4 жаштан 16 жашка чейинки окуучулар катышты.

Таластан барган окуучулар:

- Балайым Кушчубаева — чемпион (7-класс);

- Нурак Жаныбеков — чемпион (2-класс);

- Ибрагим Ихмадилдеев — 1-орун (1-класс);

- Мирбек Салимбаев — 2-орун (2-класс);

- Индирахан Жаныбекова — 3-орун (5-класс).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×