Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Талас

Жаш талант: Таластык Т.Бактыгулов комуз чертип, КВНде ойноп, футбол менен машыгууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 16 жаштагы тургуну Темирлан Бактыгулов комуз чертип, футбол жана КВНде ойноп келет. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 9-классты аяктады.

«Бир күнү сыналгыдан комуз черткен балдарды көрүп, аларга аябай кызыгып, мен дагы ушулардай болуп чертсем деп кыяландым. Атама айтып, мени музыкалык мектепке беришти. Иш-чаралардын биринде көп балдар менен «Жаштар маршы» деген күүнү чертип жатып теңине келгенде адашып кеттим. Сыр алдырбай балдардын арасында «Сулуу кыз» деген күүнү чертип салгам. Аным эч кимге билинбей калган.

КВНге болсо 6-классымда келдим. Мектептен класстар арасындагы мелдештен 1-орунду берчү эмеспиз. Лагерден «Эң мыкты тамашоучу» наамына ээ болгом.

Футболго 5-классымдан баштап кызыга баштагам. Мелдештерден командабыз менен алдыңкы орундарга жетишип жүрөбүз. Мектептер аралык мелдеште ойноп жатып, топту тепсем бут кийимим чыгып кетип, калыстын башына тийди. Аябай ыңгайсыз болгом», - деди ал.

Жаш талант үй-бүлөдө жалгыз уул.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 588
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×