Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 02.07.2018 16:25

Таласта өспүрүм кызды зордуктоого шектелип чет өлкөлүк жаран кармалды

Turmush -  Россиянын 33 жаштагы жараны Талас шаарында 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелип камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-июнда Талас шаарынын 1988-жылы туулган С.Н. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында анын үйүндө жашаган 2002-жылы туулган С.К. аттуу кызды белгисиз адам зордуктап кеткендигин билдирген. Кыз Талас шаарындагы мектептердин биринин окуучусу экендиги аныкталган. Талас ШИИБдин кызматкерлеринин текшерүү иштеринин жыйынтыгында аталган кылмышка шектелип, Россиянын 1985-жылы туулган жараны кармалды. Ал Көк-Ой айылынын убактылуу тургуну экендиги такталды. Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, зордуктоо беренеси менен кылмыш иш козголду. Кармалган адам камакка алынып, иликтөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×