Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Талас

Айыл турмушу: Таластык М.Тойлубаева 22 жылдан бери окуучуларга химияны окутуп келет (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 44 жаштагы тургуну Махабат Тойлубаева 22 жылдан бери химик мугалим болуп эмгектенип келе жатат. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районунун Шекер айылында төрөлгөн. Бала кезинен бери мугалимдик кесипке кызыгат.

«1991-жылы мектепти ийгиликтүү аяктадым. Ошол эле жылы Кыргыз улуттук университетинин химия жана технология факультетине тапшырып, 1996-жылы аяктадым. Биринчи эмгек жолумду Талас шаарындагы №5 орто мектепте баштагам. Азыркы учурда чет тилдер лицей-комплексинде иштейм. Эмгек жолумда көптөгөн ийгиликтерге жетише алдым. Бир нече окуучум химия сабагы боюнча шаардык, облустук олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон. 7 окуучум республикалык олимпиаданын катышуучулары болушкан. Окуучуларга сабак өтүү, олимпиадага даярдоо мен үчүн оор түйшүк эмес. Тескерисинче билимдүү окуучулар менен иштешүү мага абдан жагат. Өзгөчө окуучуңдун жакшы көрсөткүчтөргө жеткени өзүнчө ырахат.

Окуучулар менен иштөөдө же олимпиадага даярдык көрүүдө көптөгөн кызыктуу окуялар болот. Окуу күнү бүтүп, облустук оилимпиадага окуучум экөөбүз даярданып отурган элек. Бир теманын негизинде окуучума сүйлөп, артты карап доскага жазып түшүндүрүп жаткам. Бир убакта окуучумду карасам ал катуу уктап жаткан экен. Тургузуп «үйүңө барып уктап эс ал, эртең улантабыз» деп жөнөткөнүм эсимде.

Мугалимдик кесипти тандоо мен үчүн оор болгон жок. Себеби бала чагымдан бери ушул кесипке кызыкчумун. Менден улуу эжем дарыгер, өзүм жана сиңдилерим мугалимбиз. Иним милицияда иштейт. Бизди өстүрүп ушундай эрезеге жеткирген ата-энеме терең ыраазычылыгымды билдирем», - деди ал.

Мугалим айым буга катар эле 1 уул, 1 кыздын апасы экендигин кошумчалады.

«Жогору окуу жайын аяктагандан кийин үй-бүлө күттүм. Жолдошум менен түтүн булантканыма 20 жылдын жүзү болду. Азыркы кезде 2 балам бар. Кызым Мээрим Бишкектеги медициналык академиянын 2-курсунун студенти. Уулум лицей-комплекстин бүтүрүүчүсү. Жолдошум Талас мамлекеттик университетинин кызматкери», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 657
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×