Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 30.06.2018 09:57

Айыл турмушу: Баатыр эне Б.Мамырбекова кол өнөрчүлүк менен киреше табууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 60 жаштагы тургуну Бакбүбү Мамырбекова 20 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, кыздарга сеп даярдайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кол өнөрчүлүк өнөр апасынан өткөн.

«Өзүм Талас районунун Козучак айылында чоңойгом. Апам кол өнөрчүлүк менен алектенип, көп шырдактарды жасачу. Ага жардам берип жүрүп үйрөнүп кеттим. Мектепте окуп жүргөндө эле өз алдымча курдаш кыздарыма көйнөк тигип берип, кол эмгек сабагынан ийримдерге катышчумун. 1979-жылы 21 жашымда турмушка чыктым. Жолдошум экөөбүз 39 жыл бирге жашап, дыйканчылык менен алектенебиз. 8 баланы чоңойтуп, «Баатыр эне» наамын алдым», - деди ал.

Б.Мамырбекова 20 жылдан бери буйрутма алып, төшөк, жууркан, жаздык, шырдак жасайт.

«Эмгектерим жасалуусуна жана материалдын сапатына жараша бааланат. Бир төшөктүн орточо баасы 1200 сом, бир жаздык 500 сом болот. Ал эми кыздын себи 20 миң сомдон жогору бааланат. Шырдак жасоодо бир топ кыйынчылыктар жаралат. Койдун жүнүн алып, аны аябай жууп, тазалап, кургатып, тытыш керек. Бул иш бир топ убакытты талап кылат. Шырдакты боёк кошпой, табигый жүндөн жасайм. Кыздарым, келиндерим да кол өнөрчүлүктү үйрөнүп, бош убакта жардам беришет», - деди ал.

Бакбүбү апа жолдошу экөө 8 баланын, 17 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×