Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 29.06.2018 17:37

Видео — Талас шаарынын мэриясы эски үйдө жашаган Наталья апага үй куруп берүүгө убада берди

Turmush -  Талас шаарынын мэриясы эски, авариялык абалдагы үйдө жашаган 60 жаштагы Наталья Аносовага 2 бөлмөлүү үй куруп берүүнү убадалады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековдун айтымында, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө болот.

«Шаарыбыздын тургуну Наталья Аносова бизде 2-топтогу майып катары катталып, ага жыл сайын 250 кг көмүр, тамак-аш берилип турган. Өздөрү 1 бөлмөлүү үй курабыз деп аракет кылып жаткан экен. Талас шаарынын мэриясы демилге көтөрүп, 2 бөлмөлүү чакан үйдү толугу менен бүтүрүүгө жардам бермек болдук. Бүгүнкү күндө архитектураны чакыртып, тамды мыйзамдаштырып жатабыз. Ушул иш аягына чыгып, ачкычын тапшырмайынча жеке көзөмөлүмө алам», - деди ал.

Талас шаардык кеңешинин төрагасы Мирлан Эсенгуловдун айтымында, депутаттар дагы үй курууга көмөк көрсөтөт.

«Бул үй-бүлө өтө жакыр жашайт экен. Бир уулу жакында эле абактан чыгып келиптир. Бул үй маселесин жакын арада сессиядан көтөрүп, жардам бергенге аракет кылабыз. Жалпысынан айтсак кышында өтө оор экен. Барыбыз биригип, каражат чогултуп үйүнө салым кошконго аракет кылабыз», - деди ал.

Наталья Аносованын уулу Сергей Аносовдун айтымында, мэрия паспорт алууга жардам берип жатат.

«Талас шаарынын вице-мэри Асел Күрүчбекова мага паспорт алуу үчүн документтерди тапшырууга жардам берди. 20 күндөн кийин паспортум келсе жумушка орношуп иштейм», - деди ал.

Талас шаарынын биринчи вице-мэри Дамирбек Курманалиевдин айтымында, үй күзгө чейин курулуп бүтөт.

«Бүгүн 2 бөлмөлүү үйдүн пайдубалы дубалына кум-шагылдарды түшүрүп жатабыз. Ушул үйдү күзгө чейин ашар жолу менен бүтүргөнгө аракет кылабыз», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 26-июнда Turmush басылмасы Талас шаарынын 60 жаштагы тургуну Наталья Аносова 70 жыл мурда курулган авариялык абалдагы үйдө жашап жаткандыгын кабарлаган.

Анын айтымында, 2 бөлмөлүү бул үй 1947-жылы курулган. Анын дубалдары эскирип калгандыктан толук оңдоп-түздөсө да мурдагы калыбына келбейт. Бир аз жер титиресе көчүп түшүп калышы мүмкүн. Азыр 1 бөлмөлүү үй курууга бийликтен жардам сурап жаткан болчу.

«Бул үйдү кайын энем 1947-жылы курган экен. Өзүңөр үйдүн абалын көрүп турасыңар. 2 баллдык жер титирөөгө чыдабайт. Жолдошум 2009-жылы каза болгон, ошондон бери жалгыз жашайм. 1 кыз, 2 уулум бар. Кызым 85 жаштагы апамдын колунда турат. 2 уулумдун бири абакта. Экинчиси жаңы эле абактан чыгып келди. 5250 сом пенсия алам. Ал тамак-ашка гана жетет. Өзүм, ичпейм, чекпейм. Чарбагымда картошка жана башка жашылча тигем. Үйдү колумдан келишинче таза кармаганга аракет кылам. Ушундай кулап калайын деп турган үй болсо да актап, сырдап турам, кошуналарым макташат. Үйгө 2 миң сомго меш жасатып, быйыл кыштан аман чыктым. Азыр корообузга 1 бөлмөлүү үй курууга орун даярдап койдук. Ошол үйдүн курулушуна жардам берүүңүздөрдү суранам», - деген ал.

Талас шаарынын вице-мэри Асел Күрүчбеков Наталья Аносовага буга чейин бир топ жардамдар берилип келгендигин айткан.

«Бизде Наталья Аносова жалгыз бой катары катталган. Бүгүнкү күнгө чейин социалдык, гуманитардык жардамдарды алып келген. Бизге үйүн авариялык абалда деген чечим чыгарып бергиле деп кайрылган. Кечээ, 25-июнь күнү өзгөчө кырдаалдар бөлүмү үйүнүн абалын текшерип, «авариялык абалда, жашоого жараксыз» деп бүтүм чыгарды. Абактан жаңы чыгып келген уулунун колунан келет экен, жаңы үйдүн пайдубалын даярдап баштаптыр. Үй куруп баштаса мэрия тараптан топурак, шагыл, таш камсыздап беребиз», - деген Күрүчбекова.

Жардам берүү:

Аталган макала чыккандан кийин эртеси 27-июнда Наталья Аносованын жаңы үйүнүн курулушу үчүн 1 тонна цемент жеткирилген.

Кызыл Ай Коомунун Талас облусундагы жетекчиси Дилдекан Шадыбекованын айтымында, Наталья Аносова буга чейин аларга атайын арыз менен кайрылган.

«Мурда бизден кийим-кече, азык-түлүк алчу. 26-май күнү гигиеналык колдонуучу заттарды, тамак-аш жана жылуу төшөнчү алып барып бергенбиз. Баласы аракет кылып, 1 бөлмөлүү үйгө жер даярдап койгонун көрүп, 1 тонна цемент түшүртүп бердим. Азыр дубал тургузууга керектүү жабдыктарды алып келип бердик», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×