Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 28.06.2018 17:53

Жаш талант: Таластык 17 жаштагы Насипбек эр таймаш боюнча 8 медалдын ээси (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 17 жаштагы тургуну Насипбек Дүйшөналиев эр таймаш боюнча 8 медалдын ээси. Аймактык кабарчы мушкер жигиттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, быйыл 11-классты аяктады.

«Спорт менен 15 жашымдан бери машыгам. Спортко кызыгып калышыма өзүмдүн досторум түрткү болгон. «Спортко катышам» десем үй-бүлөм алгач каршы болушкан. Кийин ийгиликтерге жетишип баштаганда колдоо көрсөтүп, ишене башташты. Биринчи машыгып жүргөн кезимде салмагым 52 кг болчу, азыркы учурда 60 кг.

Эң биринчи жолу 2016-жылы Таластагы эр таймашка жашым жетпесе да катышып, байгелүү орунга ээ болгом. Учурда 8 медалым бар. 4 жолу 1-орунду алгам, калгандары 2-3-орундар. Жакында эле залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште 1-орунду утуп, медаль диплом жана атайын кур менен сыйландым. 2017-жылы Нарын облусунда болуп өткөн турнирде дагы биринчиликти багындыргам. Келечекте Кыргызстандын желегин чет мамлекеттерде көтөрүп, кыргыз элимдин намысын коргогон мыкты спорт чеберлеринен болгум келет. Спорттогу жетишкендиктериме агайым Кыдыралиев Рамис Аманбековичтин салымы чоң. Агайым болбосо азыркы жетишкендиктериме жетпейт болчумун. Агайым экинчи атамдай (күлүп)», - деди ал.

Мушкер жигит үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×