Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 28.06.2018 16:25

Таласта өспүрүмдөр арасында футбол боюнча республикалык мелдеш өтүп жатат

Turmush -  Талас шаарында өспүрүмдөр арасында футбол боюнча КРнын кубогу өтүп жатат. Бул тууралуу Талас облусунун футбол федерациясынын президенти Айбек Сүйүнтбеков билдирди.

Анын айтымында, мелдеш 24-июндан 30-июнга чейин уланат.

«Бул оюнду КРнын футбол федерациясы уюштуруп жатат. Жалпы 200 бала ойноп, 10 команда катышууда. Алардын ичинен Талас шаары жана Талас облусу болуп 2 команда, Бишкек жана Ош шаарларынан 2 команда, калган облустардан бирден командалар келишти. Талас шаарынын командасы жарым финалга чыкты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×