Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Талас

Жаш талант: Таластык 16 жаштагы Адилбек футбол, чуркоо жана күрөштөн ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 16 жаштагы тургуну Адилбек Сурабалдиев футбол боюнча Талас облусунун курама командасында ойноп келет. Аймактык кабарчы футболчу жигиттен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда Талас облустук чет тилдер багытындыгы лицей-комплексинде окуйт.

«Атам футболчу болгондуктан кичине кезимден баштап спортко жакын болдум. Тагыраагы кичине кезимде эле мектеп аянтчасына барып, футбол көп ойночумун. 6 жылдан бери футбол, күрөш, жеңил атлетика менен машыгам. Азыр футбол боюнча Талас облусунун курама командасында ойнойм. Команда менен биз көп ийгиликтерге жетише алдык. 2015-2016-2017-2018-жылдары Кыргызстан республикалык чемпионатында 4 жолу күмүш медаль алдык. Талас облусунун чемпионатында алтын медаль уттук.

Мындан тышкары 100 метр, 800 метр, 1500 метр аралыктарга чуркап, байгелүү орундарга илинип жүрдүм. 2016-2017-жылдары 1500 км жана 800 метр аралыктарга чуркап, 2-3-орундарды багындыргам. Бул жылы республикалык мелдешке жолдомо алып, 3-орунда болуп калдым.

Грек-рим күрөшү боюнча 58 кг салмактагылар арасында Таластын чемпиону болууга жетиштим.
Спортко кызыгуума атам негизги себепкер. Атама жана устаттарыма ыраазычылыгымды билдирем», - деди ал.

Спортчу жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 555
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×