Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 28.06.2018 10:51

Таласта үй куруп баштаган Наталья апага жардам катары 1 тонна цемент жеткирилди (фото)

Turmush -  Кечээ, 27-июнда Талас шаарынын 60 жаштагы тургуну Наталья Аносованын жаңы үйүнүн курулушу үчүн 1 тонна цемент жеткирилди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Кызыл Ай Коомунун Талас облусундагы жетекчиси Дилдекан Шадыбекованын айтымында, Наталья Аносова буга чейин аларга атайын арыз менен кайрылган.

«Мурда бизден кийим-кече, азык-түлүк алчу. 26-май күнү гигиеналык колдонуучу заттарды, тамак-аш жана жылуу төшөнчү алып барып бергенбиз. Баласы аракет кылып, 1 бөлмөлүү үйгө жер даярдап койгонун көрүп, 1 тонна цемент түшүртүп бердим. Азыр дубал тургузууга керектүү жабдыктарды алып келип бердик», - деди ал.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Turmush басылмасы Талас шаарынын 60 жаштагы тургуну Наталья Аносова 70 жыл мурда курулган авариялык абалдагы үйдө жашап жаткандыгын кабарлаган.

Анын айтымында, 2 бөлмөлүү бул үй 1947-жылы курулган. Анын дубалдары эскирип калгандыктан толук оңдоп-түздөсө да мурдагы калыбына келбейт. Бир аз жер титиресе көчүп түшүп калышы мүмкүн. Азыр 1 бөлмөлүү үй курууга бийликтен жардам сурап жаткан болчу.

«Бул үйдү кайын энем 1947-жылы курган экен. Өзүңөр үйдүн абалын көрүп турасыңар. 2 баллдык жер титирөөгө чыдабайт. Жолдошум 2009-жылы каза болгон, ошондон бери жалгыз жашайм. 1 кыз, 2 уулум бар. Кызым 85 жаштагы апамдын колунда турат. 2 уулумдун бири абакта. Экинчиси жаңы эле абактан чыгып келди. 5250 сом пенсия алам. Ал тамак-ашка гана жетет. Өзүм, ичпейм, чекпейм. Чарбагымда картошка жана башка жашылча тигем. Үйдү колумдан келишинче таза кармаганга аракет кылам. Ушундай кулап калайын деп турган үй болсо да актап, сырдап турам, кошуналарым макташат. Үйгө 2 миң сомго меш жасатып, быйыл кыштан аман чыктым. Азыр корообузга 1 бөлмөлүү үй курууга орун даярдап койдук. Ошол үйдүн курулушуна жардам берүүңүздөрдү суранам», - деген ал.

Талас шаарынын вице-мэри Асел Күрүчбеков Наталья Аносовага буга чейин бир топ жардамдар берилип келгендигин айткан.

«Бизде Наталья Аносова жалгыз бой катары катталган. Бүгүнкү күнгө чейин социалдык, гуманитардык жардамдарды алып келген. Бизге үйүн авариялык абалда деген чечим чыгарып бергиле деп кайрылган. Кечээ, 25-июнь күнү өзгөчө кырдаалдар бөлүмү үйүнүн абалын текшерип, «авариялык абалда, жашоого жараксыз» деп бүтүм чыгарды. Абактан жаңы чыгып келген уулунун колунан келет экен, жаңы үйдүн пайдубалын даярдап баштаптыр. Үй куруп баштаса мэрия тараптан топурак, шагыл, таш камсыздап беребиз», - деген Күрүчбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×