Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 28.06.2018 09:22

Таластагы рейдде жол кырсык болгон жерден качып кеткен 3 айдоочу кармалды

Turmush -  Кечээ, 27-июнда Талас облусунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери «Авторозыск» рейдин өткөрүштү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Сабит Оморбеков билдирди.

Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө тактамасы жок автоунаа оңдоочу жай иштетип жаткан 3 ишкерге карата административдик протокол түзүлүп, ар бирине 5 миң сомдон айып салынды.

«Облустун аймагында жалпы 38 автоунаа оңдоочу жай бар. Бүгүнкү күндө жол кырсыгына катышып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочуларга 3 жолу «Перехват» рейди жарыяланып, алардын бардыгы кармалды» , - деди тескөөчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×