Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Талас

Тагдыр: Эски үйүнө 2 миң сомго меш жасатып, кыштан аман чыккан Наталья апа жаңы үй курууга аракет кылууда (видео)

Turmush -  Талас шаарынын 60 жаштагы тургуну Наталья Аносова 70 жыл мурда курулган авариялык абалдагы үйдө жашап жатат. Аймактык кабарчы эненин абалы менен таанышып кайтты.

Өзүнүн айтымында, 2 бөлмөлүү бул үй 1947-жылы курулган. Анын дубалдары эскирип калгандыктан толук оңдоп-түздөсө да мурдагы калыбына келбейт. Бир аз жер титиресе көчүп түшүп калышы мүмкүн. Азыр 1 бөлмөлүү үй курууга бийликтен жардам сурап жатат.

«Бул үйдү кайын энем 1947-жылы курган экен. Өзүңөр үйдүн абалын көрүп турасыңар. 2 баллдык жер титирөөгө чыдабайт. Жолдошум 2009-жылы каза болгон, ошондон бери жалгыз жашайм. 1 кыз, 2 уулум бар. Кызым 85 жаштагы апамдын колунда турат. 2 уулумдун бири абакта. Экинчиси жаңы эле абактан чыгып келди. 5250 сом пенсия алам. Ал тамак-ашка гана жетет. Өзүм, ичпейм, чекпейм. Чарбагымда картошка жана башка жашылча тигем. Үйдү колумдан келишинче таза кармаганга аракет кылам. Ушундай кулап калайын деп турган үй болсо да актап, сырдап турам, кошуналарым макташат. Үйгө 2 миң сомго меш жасатып, быйыл кыштан аман чыктым. Азыр корообузга 1 бөлмөлүү үй курууга орун даярдап койдук. Ошол үйдүн курулушуна жардам берүүңүздөрдү суранам», - деди ал.

Талас шаарынын вице-мэри Асел Күрүчбекованын айтымында, Наталья Аносовага буга чейин бир топ жардамдар берилип келген.

«Бизде Наталья Аносова жалгыз бой катары катталган. Бүгүнкү күнгө чейин социалдык, гуманитардык жардамдарды алып келген. Бизге үйүн авариялык абалда деген чечим чыгарып бергиле деп кайрылган. Кечээ, 25-июнь күнү өзгөчө кырдаалдар бөлүмү үйүнүн абалын текшерип, «авариялык абалда, жашоого жараксыз» деп бүтүм чыгарды. Абактан жаңы чыгып келген уулунун колунан келет экен, жаңы үйдүн пайдубалын даярдап баштаптыр. Үй куруп баштаса мэрия тараптан топурак, шагыл, таш камсыздап беребиз», - деди Күрүчбекова.

Андан кийин:

Turmush басылмасы бул макаланы жарыялагандан кийин 27-июнда Наталья Аносованын жаңы үйүнүн курулушу үчүн 1 тонна цемент жеткирилди.

Кызыл Ай Коомунун Талас облусундагы жетекчиси Дилдекан Шадыбекованын айтымында, Наталья Аносова буга чейин аларга атайын арыз менен кайрылган.

«Мурда бизден кийим-кече, азык-түлүк алчу. 26-май күнү гигиеналык колдонуучу заттарды, тамак-аш жана жылуу төшөнчү алып барып бергенбиз. Баласы аракет кылып, 1 бөлмөлүү үйгө жер даярдап койгонун көрүп, 1 тонна цемент түшүртүп бердим. Азыр дубал урууга керектүү жабдыктарды алып келип бердик», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2651
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×