Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 26.06.2018 12:41 Жаңыланды: 24.08.2018 21:21

Айыл турмушу: Таластык Н.Осмонова торт жасап сатып, ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 30 жаштагы тургуну Нурила Осмонова өз алдынча торт жасап сатып ишкерлик кылууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча айыл чарба экономисти. Учурда балдары менен үйдө.

«Мен таттууларды турмушка чыккандан кийин жасай баштадым. Ага чейин кызыкчу эмесмин. Таттууларды жасашыма жолдошум түрткү болгон. Анткени ал аябай жакшы көрөт. Ошентип алгач үйгө жасап баштагам. Окшошпой калса да кайын энем «сонун болуптур, азаматсың» деп мактачу (күлүп). Андан кийин туугандарга, тааныштарга жасай баштадым. Жасаган таттууларымды инстаграмм баракчама жүктөп койчумун. Кийин буйрутмалар келе баштады. Ошентип 2017-жылдын күз айларынан баштап буйрутма алып жасай баштадым.

Күндүз балдарымды карап бошобогондуктан көбүнчө түнкүсүн же эртең менен эрте туруп жасайм. Бир торт орточо 3 саат убакытты талап кылат. Буйрутмаларды 2 күн мурун алам. Анткени керектелүүчү азыктарды табуу керек. Таласта кондитердик дүкөн жок болгондуктан Бишкектен буйрутма менен алдыртам. Өзгөчө кышкысын торттун кремине колго жасалган каймак табуу кыйынчылык жаратат. Мындай күндөрү 2-3 торт жасасам, майрам же жаңы жылда көп буйрутма алып, түнү менен уктабай жасайм. Торттор 600 сомдон 1200 сомго чейин бааланат. 1 тортту жасап, кеткен чыгымды эсептеп, үстүнө жасаган жумушумду кошуп баасын чыгарам. Бул баалар Талас эли үчүн бир аз кымбат болушу мүмкүн. Бирок Бишкек шаарындагы колго жасалган тортторго салыштырмалуу бир топ арзан. Алдыда Бишкектен кондитердик ийримде окуп келип, кондитердик дүкөн менен кафетерий ачууну пландап жатам. Көпчүлүгү мастер-класс деп сурап калышат. Ал тууралуу да ойлонуп жатам», - деди ал.

Ишкер айым жолдошу менен 2 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×