Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 22.06.2018 13:48

Таласта Баңгизатка каршы күрөшүү күнүнө карата акция өтүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 22-июнь күнү Талас шаарында Баңгизатка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата акция өтүүдө. Бул тууралуу Талас облустук жаштар иштери жана дене тарбия спорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Эсентай Чоноралиев билдирди.

«Бул иш-чараны Талас облустук ички иштер бөлүмү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, Кызыл Ай Коому менен биргеликте уюштуруп жатабыз. Акциянын максаты — элди дени сак жашоого үндөө. Жалпы акциянын байге фонду 6 миң 800 сом. Активдүү катышуучуларга белектер каралган», - деди ал.

Талас облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Динара Сарногоеванын айтымында, иш-чарага жаш өспүрүмдөр катышкандыктан ички иштер бөлүмүнөн патрулдук 20 кызматкер, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнөн 10 кызматкер, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнөн 10 кызматкер тартылды. Коопсуздук үчүн базардын аймагындагы И.Сарыгулов көчөсү тосулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×