Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 22.06.2018 12:05

Мекендештер: Таластык 19 жаштагы Бостон атактуу ашпозчу болуу үчүн чет өлкөдө иштеп жатат (фото)

Turmush -  Талас шаарында чоңойгон 19 жаштагы тургуну Бостон Искендер уулу Москва шаарындагы мейманканада ашпозчу болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2016-жылы Бишкек шаарында кесиптик окуу жайдан ашпозчулук адистикке ээ болуп чыккан.

«Кичине кезимден бери эле ашканага жакын болчумун. 1-классымда жумуртка кууруп жегенди жакшы көрчүмүн. Ошондо эле эжелерим «бул ашпозчу болот» деп айтышчу (күлүп). Билим алгандан кийин алгач Бишкек шаарындагы тамактануучу жайда иштеп баштагам. Кийин Москвага барып иштөөнү ойлоп, тайкемдин чакыруусу менен былтыр бул жакка келип иштеп калдым. Ар бир иштин эң башында кыйынчылыктар болот. Мисалы эмгек жамаатка көнүү, жаңы тамактарды үйрөнүү, эл менен сүйлөшүү. Алгач жаңы иштеп баштаганда айлыгым 6 миң болсо азыр аябай эле жакшы. Көбүнчө улуттук тамактарды жана Европа ашканасынын даамдарын жасай. Жумушум эрте мененки 9:00дон кечки саат 21:00го чейин уланат. 3 күн иштеп, 1 күн бош болом. Бош убактымда башка ашпозчулардын жасаган тамактарын көрүп алардай жасоону үйрөнөм. Иштеген жеримде менден тышкары 8 кыргыз бар. Алардын бешөөсү официант, калган үчөө идиш жууйт.

Москвага жаңы келгенде башкы ашпозчунун жардамчысы мага жаңы тамактарды жасоону үйрөтүп жүрдү. Ал кетип калган учурда жалгыз жасай албай жүрдүм. Кийин бара-бара көнүп калдым.
Келечекте белгилүү ашпозчу болгум келет», - деди ал.

Ашпозчу жигит үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×