Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Талас

Айыл турмушу: Таластык орус тилчи мугалим Ж.Сулайманованын Россияда иштеген окуучулары азыр да рахматтарын айтып турушат (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 54 жаштагы тургуну Жылдыз Сулайманова 33 жылдан бери орус тили боюнча мугалимдик кесипти аркалап келет. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунда төрөлгөн. 1985-жылы мугалимдик кесипке ээ болуп чыккан.

«Эң биринчи эмгек жолумду Бакай- Атадагы Ленин атындагы мектептен баштадым. Акыркы 13 жылдан бери Талас шаарындагы №5 мектепте эмгектенип келем. 2006-жылы «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйлангам. Бул мектептен 3 классты мектепти аяктаттым.
Мугалим болуп калышыма апам түрткү болду. Анткени өзү дагы мугалим болуп эмгектенчү. Мектепте окуп жүргөндө аябай бейбаш болуп, балдар менен мушташып жүрчүмүн (күлүп). Кийин өзүмдүн мектебиме келгенимде эжейим «ай Жылдыз сен мугалим болуп келдиңби, «мен сага өзүңдөй окуучуларды окутушуңду каалайм» деп айткан. Уялып жакшы иштегенге аракет кылдым. Бакай -Атага биринчи мугалим болуп келгенимде 10-классты беришти. Окуучуларым менден 7 жаш кичүү болчу. Мен «класс албайм, корком» десем болбой классты беришти. Кийин алар 11-класста экзамен болуп жаткан учурда бир окуучум жок. Бир учурда кечигип келди, «Чыңгыз эмне кечигип келдиң?» десем «уюм тууду» дейт. «Уюң тууса эмне кылайын, сага экзамен зарылбы же уюңбу?» десем «албетте уюм, уюм өлүп калса мага ким уй алып берет» дейт. Кийин апасынан сурасам «кайдагы уй, балам уктап калганынан эмне шылтоо айтарын билбей ошондой шылтоо айткан» экен дейт.

Бир экзаменде окуучуларымдын бири калеми жок келгендиктен «даярдыгың жок» десек бизди сөгүп «тапшырбай эле койдум экзаменди» деп качып кетти. Артынан барып алып келип, көчүртүп өткөздүк эле. 1 жылдан кийин жолугуп, «эже кечириңиз балалык кылган экенмин» деп кечирим сураган.

Бакай-Атада 20 жыл эмгектендим. Кээ бир окуучуларым Москва шаарында эмгектенишет. Алар «орус тилин сиз үйрөттүңүз эле» деп рахматтарын айтып турушат. Жашоодо дагы бир мүмкүнчүлүк бериле турган болсо дагы эле мугалимдик кесипти тандайт элем. Жаштар орус тилин кошо үйрөнсө көп иштерде жардамы тиет», - деди ал.

Мугалим айым 2 кыз, 2 неберенин апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 855
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×