Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 21.06.2018 18:13 На русском

Видео — Таластык тургундар президентке соттордун иши боюнча кайрылуу жасашты

Turmush -  Банктардан кредит алып, иштери сотто каралып жаткан адамдар менен активисттер бүгүн, 21-июнь күнү Талас-АКИпрессте маалымат жыйын өткөрүштү.

Алардын өкүлү Эльдар Алаковдун айтымында, алар буга чейин бир нече соттун ишине нааразы болуп кайрылуу жасашкан.

«Биздин бүгүн чыкканыбыздын себеби 20018-жылдын 18-апрели күнү Талас-АКИпрессте сот системасында коррупцияны жоюу боюнча президентибизге кайрылуу жасаганбыз. Коррупция менен күрөшүүдө Сооронбай Шариповичти колдойбуз. Бизде бүгүнкү күндө 2 маселе жаралды;

1 — Президенттен саясий эркти суранабыз. Соттор кеңешинде коррупцияны жоюу керек. Реформаны тартип коммисиядан башташ керек. Биз соттор кеңешинде тартип коммисиясына бир нече соттун ишине нааразы болуп кайрылганбыз. 5-май күнү биздин тизмедеги 4 сот президентибиздин жарлыгы менен жумуштан бошотулду. Ал эми андан мурдарак дагы тартип коммисиясына биздин жазган катыбызга кур сөз менен жооп келген.

2 — Бюрократиялык жана саясий сепаратизмге жол бербөөнү суранабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×