Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 21.06.2018 11:01

Таластагы милиция ата-энелерге 22-июнда бүтүрүүчүлөрдүн мыйзам бузбоосун көзөмөлдөө керектигин эскертет

Turmush -  Эртең, 22-июнь күнү бардык мепктептерде аттестат тапшыруу аземи боло тургандыгына байланыштуу Талас ОИИБ ата-энелерге балдарынын тартибин көзөмөлдөөнү эскертет.

«Бүтүрүүчүлөр тарабынан коомдук жайларда укук бузууларга баруусун, спирт ичимдиктерин ичүүсүн же автобейбаштыктарга жол бербөө максатында салтанаттуу иш-чаралар учурунда жана андан кийин балдардын кайда, кимдер менен жүргөндүгүн көзөмөлдөгүлө.

Балдарыңардын мектепти тактыктуу бүтүп, эч кырсыксыз майрамдоосун колго алуу сиздердин милдет. Милиция кызматкерлери биздин балдарды кылмыштуу иш-аракеттерден коргоо менен коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоодо тиешелүү деңгээлде иштерди алып барышат.
Эгерде бүтүрүүчүлөр кандайдыр бир укук бузууларга жол бере турган болсо, административдик жана кылмыш жоопкерчилилигине тартылып калышы мүмкүн.

Урматуу ата-энелер, мыйзам боюнча балдардын ден соолугуна, алардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүү мүмкүн болгон коомдук жерлерге, түнкү убакыт — жай мезгилинде (1-июндан 31-августка чейин) саат 23:00дөн саат 06:00гө чейин, жылдын калган мезгилинде саат 22:00дөн саат 06:00гө чейин жаш өспүрүмдөргө алардын ата-энелеринин (аларды алмаштыруучу адамдардын) коштоосусуз жүрүүсүнө тыюу салынган коомдук жерлер болуп төмөнкүлөр белгиленген:

1. юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин сексуалдык мүнөздөгү гана товарларды сатууга арналган объекттеринде (аймактарында, орун-жайларында);

2. сыра сатуучу ресторандарда, сыра-шарап барларында, алкоголдук азыктарды, анын негизинде даярдалуучу пивону жана башка ичимдиктерди гана сатууга арналган башка орун-жайларда.

3. Түнкү убакытта ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) коштоосусуз, балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдардын коштоосусуз балдардын болушуна төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:

4. көчөлөрдө, стадиондордо, парктарда, гүл бакчаларда;

5. жалпы пайдалануудагы транспорттук каражаттарда;

6. балдар жүргүнчү болгон учурларды кошпогондо, вокзалдардын жана аэропорттордун аймактарында;

7. көлмөлөрдө жана аларга жанаша аймактарда;

8. көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуудагы жерлеринде, көп батирлүү турак үйлөргө жанаша аймактарда, анын ичинде балдар жана спорт аянтчаларында;

9. мыйзам менен белгиленген тартипте алкоголдук продукцияларды, анын негизинде даярдалган пивону жана ичимдиктерди чекене сатуу каралган, соода кылуу жана коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга арналган (уюмдар же пункттар), көңүл ачууларга, бош убакытты өткөрүүгө арналган (анын ичинде оюн-зоок борборлору, түнкү клубдар, мончолор, сауналар) юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объекттеринде (аймактарында, орун-жайларында);

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×