Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 20.06.2018 11:25

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык А.Арстанбекова 13 жылдан бери бийчилик өнөрүн такшалтып келет (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 20 жаштагы тургуну Алтынай Арстанбекова 13 жылдан бери бий өнөрүн такшалтып келет. Аймактык кабарчы бийчи кыздан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, быйыл Талас мамлекеттик университеттин чет тилдер факультетин быйыл аятады.

«2005-жылы Таластагы А.Огомбаев атындагы музыкалык мектепте хореография бөлүмүн кирип, 2013-жылы аятадым. Өзүм бийге аябай кызыкчумун. Апам дагы «ден-соолугуң жакшы болот» деп бийге беришимди колдогон. Бийде 1-2-3-сызык болуп бийлейбиз. Бийге жаңы келген кыздарды бийди унутуп коет, андыктан астыдагы турган кыздарды карап бийлейт деп акыркы 3-катарга коюшат. Биринчиде болсо көптөн бери бийге катышып, тажрыйбасы жетиштүү кыздар турат. Мен тынбай аракет кылып жүрүп, 1-катардан түшпөй бийлеп калдым (күлүп).

«Кыялкеч» бийчилер тобу менен Кыргызстандын көп эле жерлерине барып ийгиликтерди жаратып келгенбиз. Андан тышкары университеттен дагы 2017-жылы Бишкекте болуп өткөн «Ала-Тоо жазы 2017» фестивалына катышып, 1-даражадагы диплом менен сыйланганбыз. Бий, комуз боюнча ийримдерге барып жүрүп, убакытты туура пайдаланганга үйрөндүм», - деди ал.

Бийчи кыз үй-бүлөдө 3 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×