Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 19.06.2018 10:53

Жаш талант: Таластык 15 жаштагы Бекжан спорттук мелдештерден 28 медаль утту (фото)

Turmush -  Таластык 15 жаштагы Кубаныч уулу Бекжан 4 жылдан бери спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгып, учурда 28 медалдын ээси болду. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кармаш уруш, кикбоксинг, джиу-джитсу, панкратион менен машыгат. Таймаштарга 55 кг салмакта чыгат.

«Башында жеңилүүлөр, кыйынчылыктар болду. Үй-бүлөм колдоо көрсөткөндүктөн көптөгөн ийгиликтерге жетише алдым. 2018-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында джиу-джитсу боюнча Азия биринчилигинде коло байгеге ээ болгом. Эл аралык мелдештерде алтын, күмүш, коло медалдарды алгам.

Кармаш уруш боюнча Таласта өткөн эл аралык мелдеште 2-орунду алгам. 2017-жылы панкратион боюнча Кыргызстандын биринчилигинде 1-орунга ээ болдум. Учурда 28 медалым бар», - деди ал.

Спортчу жигит келечекте прокурор болгусу келет. Үй-бүлөдө 2 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×