Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Талас облусу, Талас 15.06.2018 13:29

Талас шаарынын борбордук аянтында Айт намазы окулду (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы борбордук аянтта Айт намазы окулуп, жашоочулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Намаз башталганга чейин облус казысы Таалайбек ажы Бапиев шаар тургундарына жана конокторго исламдын баалуулуктары жана Рамазан айындагы сабактар туурасында баян кылып, жалпы мусулмандарды Орозо Айт майрамы менен куттуктады.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Осмонбеков Канымет жалпы элди өкүлчүлүктүн атынан куттуктап, тынчтык, бейпилдик тилеп өттү. Ошондой эле Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбеков куттуктоосун айтып, андан кийин намаз окулду.

Катышуучулардын айтымында, бул жолу Таластын борборундагы Айт намазга 8 миңден ашуун адам чогулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×