Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Талас облусу, Талас 12.06.2018 08:43

Таластагы көчөдө 18 жылдан бери иштетилип келген эт сатуучу дүкөн алынды (фото)

Turmush -  Талас шаарынын И.Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан «Адал эт» контейнери көчүрүлдү. Бул тууралуу Талас шаардык соттук аткаруучу бөлүмүнүн өкүлү Алымкул Шатманов билдирди.

Анын айтымында, бул курулушту көчүрүү боюнча иш 2016-жылы Талас шаардык сотунда каралып, 2017-жылы Талас шаардык соттук аткаруучулар бөлүмүнө берилген. Курулуш мыйзамсыз деп табылып, 1 жылдан бери эскертилип, көчүрүлсүн деген чечим чыккан.

«Учурда биз жер тилкесин мурунку абалына алып келүү менен алектенип, дүкөн мажбурлоо жолу менен алынып жатат», - деди ал.

Ал эми аталган эт сатуучу дүкөндүн ээси Памир Абылбековдун айтымында, аны көчүрүүгө эч кандай дооматы жок.

«Биз бул жерди келинчегим экөөбүз жаш кезибизден иштеттик. 2000-жылы ижарага токтом чыгып, бул жерди иштетип келгенбиз. 1 жылдан бери келишим жок иштедим. Бүгүнкү күндө курулушту көчүрүүгө эч дооматым жок. Анткени соттон утулгам. Бирок менин эле артымдагы көп кабаттуу үйлөрдүн ээлери дубалдарын алып салып, артымдагы эле жер тилкесине тепкич салып алышкан. Экотехинспекция аларды жөнгө салбайт. Кайрылсам эле «арыз жаз» деп кутулушат», - деди ал.

Талас аймактык экотехинспексиясынын улук инспектору Жылдызбек Калыбаевдин айтымында, эт сатуучу дүкөн соттун чечими менен көчүрүлдү.

«Мэрияга бул жер тилкеси керек болсо ижарага берүүнү созбой эле көчүрүүгө укугу бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×